Куштарбек Кимсанов

#Адамдарга адамдык аркылуу аралашып, алдыга адамча адымдайлы

11/04/2024
Photos from Куштарбек Кимсанов's post 05/04/2024

КИТЕП ЖАНА УНИВЕРСИТЕТ
Ош МУ дагы бир жакшы иш жасады.

04/04/2024

Бала тарбиясы күн тартибинде...

03/04/2024

1987-жылы Стокгольмдо өткөн Нобелдик лекцияда И.Бродский «...Дүйнө жүзүндөгү кылмыштардын эң коркунучтуусу китепти окубоо, китепти барк албоо... Бул күнөөсү үчүн адам өмүр бою азап тартат, жазаланат. Эгерде бул кылмыш кайсы бир улуттун алкагында болсо, анда бул улут өзүнүн бүтүндөй тарыхы менен жооп берет», - деген ойлорун айткан экен. Ошондуктан көркөм адабиятты окууну муктаждыкка айлантуу механизмдерин билим берүү, маданият тармагындагы мекемелер ишке ашырса, башкача айтканда окуучуларга, студенттерге катуураак талап коюлса, балким натыйжа болоор беле.

Марина Уметова, китепканачы, Бишкек шаары.

03/04/2024

Куштарбек КИМСАНОВ

ШОКОЛАД ЖЕБЕГЕН БАЛА
(Аӊгеме)

Мээрбек шаардын борборундагы 2 кабаттуу мектепте окуйт. Шоколад жегенди жанындай жакшы көрөт. Ошондуктан ата-энеси ага шоколад алуу үчүн акча берет.
Сабакка баратканда жолдун жээгинен күн сайын кичинекей тилемчиге жолугат. Ата-энеси “Шоколад сатып алып жегин” деп берген акчаны ал ошол тилемчинин алдына коюлган кир баштыкка салат. Канчалык шоколад жегиси келсе да, акчасын тилемчиге берип коё берет.
Акыркы күндөрү дагы бир кишинин ошол тилемчи кызга күн сайын акча бергенин байкайт. Ал киши жумуштан түштөнүүгө чыгып келе жатып берчү. “Жакшы киши экен” деп ойлоп койчу.
Бир күнү сабактан кайтып, адаттагыдай шоколадга деп алган акчасын берүү үчүн келе жаткан Мээрбек тилемчи кыздын орду бош калганын көрүп, жүрөгү шуу дей түшөт. “Өлүп калбады бекен, суукта үшүп тоӊбоду бекен” деп кыжалат болот. Издейин десе үйүн билбейт. Кыйла убакыт күтүп турат, майып тилемчи кыз эч жактан келбейт. Жакын жердеги дүкөнгө кирип, дүкөнчүдөн сурайт.
-Ал атасы катуу ооруп калып, бүгүн жумушуна чыкпады. Менин кошунам болот, - дейт дүкөнчү Мээрбекке анчейин көӊүл деле бурбай текчедеги азык-түлүгүн тизип жатып.
-Ал кыздын атасы барбы? - деп сурайт Мээрбек.
-Ооба, атасы бар. Бирок ал дагы бир буту кесилген майып. Кечээ коляскасынан жыгылып түшүп катуу ооруп калып, кызы апасы менен аны карап бүгүн ишке келген жок.
-Кайсыл ишке? Ал кыз тилемчилик да кылып, анан кайсыдыр бир жерде иштеп да жүрөбү?
-Жок, ай. Кандай баласыӊ түшүнбөгөн. Тилемчилик анын иши эмей эмне. Күн сайын биз ишке келгендей ал ошол жерге келип олтурса, биз кайтканда кошо кайтса, акча тапса, ал үчүн бул иш да.
-Коюӊузчу, аны арга жоктон жасап жатат да, башка эч жерде аны ишке албайт да. Окууга да албайт, баса албаса эч ким аны карабаса, тилемчилик кылат да, ага. Атасына окшоп майып болгонбу же экөө чогуу кырсыкка кабылган беле? Кошунасы болсоӊуз билесиз да.
-Ай, уулум. Сен бир кайырчыга неге мынча кызыгып калдыӊ. Чоӊойгондо ошол майып кызга үйлөнөсүӊбү же?
-Андай дебеӊизчи, мен аны суукка тоӊуп бир нерсе болгон окшойт деп коркуп кетип сизди билет бекен деген ой менен сураганы дүкөнүӊүзгө кирип калдым.
-Бирге майып болушкан эмес. Кыз тубаса майып төрөлгөн. Атасы аракты абдан көп иччү. Ошондон улам кызы майып туулган. Аны 2 жашка чейин билишкен эмес. Ооруканада “бул кызды социалдык коргоо ишканасына кайрылып, майыптар группасы менен пенсияга чыгарып, акчасын алып жашай бергиле. Айыкпайт” деп үмүттөрүн үзгөндө атасы “майып кыздын атасы” деген сөзгө калгым келбейт. Балдар үйүнө тапшырып келебиз” деген экен. Алып барышса ал балдар үйү жетим балдарды кабыл алат экен, майып балдарды караган жер жок болуп чыгыптыр. Анан аялы экөө кызын аргасыз үйүнө алып келишиптир. Көп өтпөй майып кызын тапшырганга боорукердик үй издегени чыгыптыр. Бир жерде майыптар үйү бар экенин угуп менчик машинасы менен ошол жакка баратып автокырсыкка учурап, буту сыныптыр. Ооруканага алып келгенче көп кан кетип калып, хирургдар бир бутун тизеден кесип тирүү сактап калышкан. Ошондон кийин кызын “таштап келем” дебей жашап жатат. Он жылдан ашып калды кызы минтип арабада отуруп тилемчилик кылат. Кечинде мен үйүнө ала кетем.
Бул маалыматтарды уккан Мээрбек майып кыздын үйүнө барууну чечти. Дүкөндөн сыртка чыкты да, атасы да майып болуп, анын үстүнө учурда ооруп жаткан кезде шоколаддын акчасы аздык кылаарына өкүндү. Караса күн сайын майып кызга акча берчү жакшы киши шериктери менен түштөнүүдөн келе жатыптыр. Мээрбек чуркап барып ал жакындаганча китепкабын алдына коюп майып кыздын ордуна отура калды.
-Ай, бай болгур! Акмак баласыӊ го, ыя? Ал кыз буту чолок майып болчу. Сен алты саны аман адамсыӊ. Экинчи минткениӊди көрбөйүн, шүмшүк. Азыркы балдар жеӊил акча табууну куп өздөштүрүп алчулар болушту. Муну карасаӊ. Күндө акча таап кетчү деп байкап жүргөн неме окшойсуӊ. Же ал байкуш кыздын тапкан болоор-болбос тыйынын сен уурдап качып да жүргөндүрсүӊ балким.
Мээрбектин тили күрмөөгө келбей калды. Эмне деп актанууну да билбей калды. Оюндагы “Жакшы кишинин” андан аркы сөздөрү кулагына кирбей калды. Жакшылык жасайм деп максат кылып өмүрүндө укпаган жаман кеп угуп калгандыгы үчүн өзүн жекирип тилдеп алды.
Бир убакта айланасын караса китепкабы турат, “жакшы киши” жок. Ары-бери өткөндөр таӊыркап карап коюп өтүп жатышат. Мээрбек ордунан туруп артын кагып, китепкабынын сыртын тазалап ызага муунуп үйүнө жөнөдү. Өӊ-алеттен кеткен уулун көргөн апасы шашылыш жагдайды сурады. Мээрбек үнү буулуп эч нерсе айтып бере алган жок. Апасы кадимкидей коркту, телефон чалып жолдошун чакырды. Бирге сурашып, болгон окуяны толук түшүнүштү да, үчөө биргеликте дүкөнгө барып, бир кап ун, көп азык-түлүк сатып алышып, майып кыздын үйүн дүкөнчүдөн сурап, таап барышты. Күтүлбөгөн конокту таӊыркап кабыл алышты. Бир нече жылдан бери бул үйгө жакын туугандары деле жардам бермек түгүл аз эле келип калышкан экен. Чолок киши үй-бүлөсү менен жакшылык жасоо үчүн убакыт коротуп, акча сарптап, жол жүрүп убара тарткан жакшы адамдар бар экенине абдан таасирленишти. Майып кыз атын билбеген Мээрбекти дароо тааныды.
-Уулубуздун бир тууган карындашы болосуӊ, кызым, - деди Мээрбектин атасы майып кызга кайрылып. Сураштыра келсе кыздын жашы улуу экен. Оорукчан болгондуктан азаптуу күн көрүп арык болуп курдаштарындай чоӊойбой калган үчүн, ал тургай баспай коляскада гана жашагандыктан бир караганда кичинекей көрүнүптүр.
Мээрбектин ата-энеси ооруп калган майып кишини тез жардам машинасын чакырып, ооруканага алып барып жаткырышты. Ошол күндөн баштап майып кыз кайыр сурап тилемчилик кылууга чыкпай калды. Ал үйүндө даамдуу боорсок жасап, ширин печеньелерди бышырып муктаж адамдардын үйүнө апасы акысыз жеткирип, дүкөндөргө саттырып жашап калышты. Бирок атасы ооруканадан айыгып чыккандан төрт ай өткөндө оорусу күчөп каза болду.

30/03/2024

Жазуучулар - көп иштеп, аз акча тапчулар...

Өнүккөн өлкөлөрдө мунун тескерисинче.

29/03/2024

Атасын коргогон мырза
Ата мекенин да коргой алат!

Мырзалык мүнөз үчүн кордук көрсөтпөө керек!

Photos from Куштарбек Кимсанов's post 29/03/2024

ӨЛКӨБҮЗ качан ӨНҮГӨТ?

Бул суроо акыл дарамети, баам-парасаты бийик ар бир инсандын жан дилинде жашайт.
Дарактын өсүп жетилип, мыкты мөмө берип, андан ары көбөйүшү үчүн данек-уруктан сырткары табигый жана техникалык көптөгөн жагдайлар өз таасирин берет. Мисалы, мыкты кыртыш, мыкты суу, күндүн нуру, ыңгайлуу атмосфера сыяктуу табигый зарылдыктар жана эң мыкты кароо. "Адамзат карылыктын келгени үчүн карыбайт, көңүл буруунун аздыгынан улам карыйт" дегендей, дарак дагы мыкты кароодон улам мыкты өсүп жетилет.
Айтайын дегеним бул эмес. Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн элибиз ыймандуу жана билимдүү, акылдуу жана баамчыл болушу баарынан зарыл. Андай эл КӨП КИТЕП ОКУУ менен калыптанат.
Кыргызстандыктар КИТЕП ОКУУДАН артта экендигибизди жашыргым жок. "Күрүчтүн шылтоосу менен күрмөк суу ичет" болуп, көп окуган аз адамдарыбыздын катарында аз окугандар менен окубагандар анчейин байкалбай келе жатабыз.
"Китепсиздиктин кесепети" деген аталышта ата-энелер менен мугалимдерге бир нече жыл мурда семинар өтүп берген элем.
-Зөөкүрлүктүн, таш боордуктун жоюлбашы;
-Басынтуунун, ушак-айыңдын азайбашы;
-Туура тарбия туурга конбой, тайкы тарбия ордун жоготпой кала бериши;
-Жан дүйнө, психология жабыркап, руханий жакырлыктын күч алышы;
-Ыйман тайыздап, көп амалдар "кожо көрсүнгө" жасалып калышы;
-Улуттук генетика бузулуп, нарк-насил булганып калышы;
-Тарых бурмаланып, туура тарых тебеленип, жаңы жана заманбап келечекке үлгүлүү умтулуунун уктап калышы...
Айта берсем, китепсиздиктин кесепети абдан көп. Андан арылуубуз, сактануубуз өтө маанилүү.
Кантип?
- Кабаттап курган үйлөр, акыркы үлгүдөгү унаа, уламышка айланган арткы жашообуз менен мактанууну токтотуп, өнүккөн келечек куруу үчүн билимге инвестиция кылууга өтүшүбүз шарт!
Бул үчүн туура тандап китеп окууну ар бир үй-бүлө эмес, ар бир инсан таштабай такай адатка айландырышы лазым.
Өлкөбүздүн өнүгүшүнө өзгөчө салымдардын баш сабында мына ушул улуу иш турат. Калган бардык амалдар мунун артында, ичинде камтылган.
Жакында жакшы адамдардын, түшүнгөн жамааттын колдоосу менен "Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы" деп аталган бестселлер миңдеген жарандарыбыздын жан дүйнөсүн ойготту. Алдыңкысына автоунаа байге коюлуп эл аралык китеп окуу конкурсу болуп өттү. Анын катышуучуларынын жүздөгөн өзгөчө пикирлери элибиздин эртеңи жөнүндө кайдыгер эмес жарандарыбыздын жок эмес экенин, муз ордунан жылса эле колдоп-коштоп кетүүгө даяр болуп турган калың калкыбыз бар экенин далилдеди.
Дүйнө жүзүндөгү эки жүздөй мамлекеттин ичинде айрымдары тааныбаган, чоң ак барактагы чекиттей гана болгон кичинекей өлкөбүз, таасирдүү өнүгүү жолунда аюунун жанындагы жолборстой айбаттуу, алп кара куштун жанындагы бүркүттөй кайраттуу боло алаарына үмүт артабыз.
Көп идеяларды ичине камтыган бул кыска сөздөрүмдүн арасында ар бир жараныбыздын КИТЕПКӨЙ болушун каалаган изги ниетимди билдиремин. Аш сурабаган, акыл сунган китептерсиз жашап өтүүдөн Жараткан баарыбызды асырасын.
Бул багытта элибиздин, мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн кандай жумуш жасайлы деп билек түргөн чыгаан замандаштарыбызды "жабыла көтөргөн жүк жеңил" кылалы, байланышалы дегим келди: 0776667777 ватсап.

25/03/2024

Тарыхты билүү - сыймык.
Тарыхты туура жеткирүү - адилеттүү эрдик!

Photos from КИТЕП.kg's post 10/12/2023
Photos from Куштарбек Кимсанов's post 27/11/2023

Китеп окуу деген негедир абдан солгун болуп кеткен. Ошого байланыштуу элибизди китепке тартуу максатында алгачкысына автоунаа, андан аркысына ноутбук, муздаткыч ж. б. жүздөгөн байгелер коюлуп эл аралык конкурс башталды.
Айланабыздагыларга кабарлап, көп окурманга китеп окутуп калалы, замандаштарым!

Photos from Куштарбек Кимсанов's post 24/11/2023

Башкача сонун болууну ойлонуу туура. Бирок ага кантип жетүүнү таппай калуу - өкүнүч.
"Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы" китеби мына ошол башкача болууну, өзгөчө жашоону кантип табууга болоорун тааныткан эң сонун үлгү китеп.

Баса, 1-орунга автоунаа баштаган жүздөгөн байгелер коюлуп, ушул китептен конкурс башталды. Окуп өзгөрүп, утуп кубануу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыздар.
Толук маалымат үчүн:
0225129999 ватсап. Нурлан, Чынара менеджерлер
0551129999 чалуу. Эркайым эже дүкөнчү
#китеп #билим #Конкурс #өнүгүү #Унаа #Ноутбук #өлкө #китеп.кг #дүкөн #Ош #Бишкек #дүйнө

Photos from Куштарбек Кимсанов's post 27/10/2023
Want your public figure to be the top-listed Public Figure in Frunze?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Videos (show all)

Location

Category

Telephone

Website

Address

Кыргызстан
Frunze
Other Frunze public figures (show all)
Orator Club.kg Orator Club.kg
улица. М. Горького 83
Frunze

Orator club.kg-это первая площадка в Кыргызстане для оттачив?

Aytbek  Orozbekov Aytbek Orozbekov
Frunze

тооо

Zara Kids Zara Kids
Frunze

Zara KIDS - Одежда для модных детей!

Muscat Muscat
Кыргызстан
Frunze

Александр Волкодав-певец, музыкант, автор музыки и сло?

Saltanat Ashirova Saltanat Ashirova
Frunze

Музыкант, певица, мечтательница и просто хороший челов

Akseea.arts Akseea.arts
Frunze, 720010

Создаю эксклюзивные вещи: ловцы снов, картины, керамику и изделия из бетона 🤍

Anna's African Violets Anna's African Violets
Frunze, 720072

Красивая коллекция фиалок и других цветов, продаю чере

D La Cruz D La Cruz
Frunze, 720028

original page, checked for D La Cruz

Zamanbap Zamanbap
Frunze

Официальная страница Zamanbap (ZBP) на Facebook

Tapan Tapan Tapan Tapan
Улица Матросова 1а/26
Frunze

Профессиональная чистка & мойка ковров "TAPAN" Турецкое о?

Кызыктуу_фото.видео Кызыктуу_фото.видео
Элебесова Шербакова
Frunze

Биз менен бирге кызыктуу!!! кызыктуу фото видеоюуз болсо вотсаптан жөнөтүңүз 0703 500 700

Айнура Сагынбаева Айнура Сагынбаева
Frunze

Кыргызстаным -суйум менин!