Балыкчы МЕДИА Кыргызстан.

Балыкчы МЕДИА Кыргызстан.

Добро пожаловать

24/09/2024

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 35 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.

Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын аракеттеги Конституциясынын 13-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат.

Эгемендүү элибиздин мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жана улутубуздун келечегин түптөө максатында мамлекеттик тилдин өнүгүшү үчүн ар бир кыргыз жараны өз тилинде сүйлөөгө, аны коомдогу ордунун бекемделишине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

24/09/2024

С Балыкчы Пресс — Я делаю успехи! Мне удалось стать топовым поклонником уже 3 месяца подряд. 🎉

02/09/2024

Оюңуздарды бөлүшүңүздөр.

29/07/2024
23/07/2024

Мугалимдерге ийгилик каалайлы!!!

05/07/2024

Балыкчы шаары...

27/06/2024

Ушундай сумма..

БАЛЫКЧЫДАГЫ МУГАЛИМДЕР ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮ ҮЧҮН 42 000 ДЕН 60 000 МИҢ СОМГО ЧЕЙИН АКЧА АЛУУДА

Акыркы жылдардагы мамлекеттин билим берүүгө өзгөчө көңүл бөлүүсү мугалимдерди көп көйгөйлөрдөн арылтып келет.
Айлык маянанын көтөрүлүшү менен мугалим болом деген жаштардын саны дагы арбыды.

Мурда маянанын аздыгынан башка иш менен алек болуп кеткен мугалимдердин өз кесибине кайра кайтып келгендери да болууда.

Мугалимдин айлык акысы көтөрүлгөндөн бери
мугалимдердин маанайлары көтөрүлүп, өзгөчө эмгек өргүүгө чыкканда колдоруна тийген өргүүнүн акчасы бир топ муктаждыктарын чечүүгө жардам берүүдө.

Балыкчы шаарында 2021-жылы өргүүгө чыккан мугалимдер асты 24000 ден 30 000 сомго чейин алса, былтыркы жылдан бери 42000 ден 60 000 миң сомго чейин айлык маянасына жараша эмгек өргүүсү үчүн акча алууда. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 50%га көбөйгөн.

Photos from Кыргыз тили's post 03/06/2024
Photos from Балыкчы МЕДИА Кыргызстан.'s post 29/04/2024

Балыкчы шаарындагы Кыргыз прокуратурасынын 100жылдыгына карата мектептерде ар кандай аталышта семинарлар болуп өттү. Бүгүн шаардык маданият үйүндө жалпы 10 мектептин окуучуларына прокуратуранын өкүлдөрү келип, өз баяндамасын окуп,анда кесиптин ээлеринин кызматы туурасында баяндашты.Окуучулар м-н суроо жооп аркылуу баян куруп , атайы сыйлыктарын тапшырышты.Быйыл "Кыргыз прокуратурасына 100 жыл," анын негизинде жер - жерлерде иштер ийгиликтүү өтүлүп жатканы маалым.

18/04/2024

С Балыкчы Пресс – Меня только что признали одним из топовых поклонников! 🎉

30/03/2024

Туура айтат,кошулам , стабилдүү түрдө жалпы мугалимге колуна тие турган акчасы 80 миң сом болсо,талапты анан койсо ...кагаз ишин азайтып,окуучунун санын азайтуу(шаар ичинде) ошондо билим сапаты жогорулайт.

Photos from Ысык-Көл кабарлары's post 23/03/2024
Photos from Балыкчы Пресс's post 23/03/2024
02/03/2024

👍👍👍

Достор, Жон Коттердин "Биз мындай кылбайбыз" китеби кыргызчаланып, окурмандарга сунушталыптыр. Мындай мыкты китептин которулганына сүйүндүм. Мындан 4-5 жыл мурун бул китептин орусчасын окуп, купулума толуп, көп адамга белек да кылган элем.

Автор бул китепте сурикаттардын жашоосу аркылуу абдан маанилүү баалуулуктарды - жамааттык жоопкерчилик, демилгелерди талкуулоо, жаңы чечимдерди издөө, чечимди ар биринин кызыкчылыгын эске алуу менен кабыл алуу, кыскача айтканда, авторитардык башкаруу менен демократиялык башкаруунун айырмасын так көрсөтүп берген.

Бул китепти окууну баарыңыздарга сунуштайм. Коттердин баалуу эмгегин кыргызчалагандарга рахмат.

Photos from Балыкчы МЕДИА Кыргызстан.'s post 01/12/2023

Балыкчы шаарындагы мектептер арасында №7 Калыгул Бай уулу атындагы мектеби уюштурган "Жаратман,кош жылдыз " аталышында ар бир мектептен мугалим м-н окуучусу же ата- эне м-н баласы болуп, концерттик программасын уюштуруп, бүгүн иш чара болуп өттү...1- орунга №10 Манас мектеби,2- орунга эки орун берилди З.Исаева атындагы №4 мектеп- гимназиясы жана №6 С Каралаев атындагы мектеби дагы 2- орунга татыктуу болушту, ал эми 3- орунга №8 Кычан атындагы мектеби ээ болду.Балыкчы шаардык Мэриядан жана мадиният кызматкеринен калыстар тобу так ,туура чечим чыгарышты.№7 Калыгул Бай уулу мектебинин жалпы жамаатына ошондой эле уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдиришти.

Photos from Балыкчы МЕДИА Кыргызстан.'s post 15/11/2023

Балыкчы шаарындагы З.Исаева атындагы №4 мектеп - гимназиясынын кыргыз тил жана адабияты мугалимдери: Султанкулова Назира Талантбековна жана Кыязова Махабат Абдыгуловналар 11-класстарына ЖРТ нын негизги бөлүмү болгон -Аналогия боюнча кеңири маалымат берип,семинар өткөрүштү.Балыкчы шаарындагы 9 мектептин кыргыз тилчи мугалимдери келип катышышты.Ошондой эле Билим берүү бөлүмүнөн Чылакунова Жыпара Камчыбековна менен Балыкчы шаарынын кыргыз тилчи мугалимдеринин башкы жетекчиси Исраилова Гүлүмжан Султанбековналар чогуу катышып , мугалимдердин ишине ийгилик каалады.

Photos from Балыкчы МЕДИА Кыргызстан.'s post 13/09/2023

Балыкчы шаарынын З.Исаева атындагы №4 мектеп гимназиясында 12- сентябрь "Балдарды өмүрдөн коргоо" күнүнө карата мугалим Султанкулова Назира Талантбековна 10- а классынын окуучулары м-н бирге" Бир келген жашоону татыктуу жашайлы!" аттуу тегерек стол өткөрүлдү.Окуучулар татыктуу жашоо,жашоо керемет, жаркын өмүр,жаркын жашоо, үй-бүлөдөгү ийгилик жана тарбия жашоонун булагы болорун айтышып, кеңири маек курушуп, өз ойлорун кеңири айтып жатышты.Бул тегерек столго Билим берүүнүн методисти Керимбаева Элиза жана шаардык милиция бөлүмүнөн Бердибаева Айзат ошондой эле мектептин соцпедагогу Асакеева Махабат жана окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Рыспаева Индира да катышышты.Окуучулардын оюн угушуп жаркын, татыктуу жашоо ар бир инсандын колунда экенин айтып,окуучуларга жана класс жетекчи мугалимге ийгилик каалады.

27/06/2023
Want your public figure to be the top-listed Public Figure in Balykchy?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Videos (show all)

9- Май жеңиш күнүнө арналган БАЛЫКЧЫ шаарынын З.Исаева атындагы №4 мектеп-гимназиясынын 9- а классынын окуучусу Абдымому...

Location

Category

Address

Balykchy
Other Balykchy public figures (show all)
kirpich.balykchy kirpich.balykchy
Balykchy

САПАТТУУ БЫШКАН КИРПИЧ САТЫЛАТ! https://taplink.cc/kirpich.balykchy